Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы: Красный строитель конушунда 5 күн газ болбойт

Себебин түшүндүрөбүз

Бишкектин Красный строитель конушунда 29-январдан 2-февралга чейин газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» шаардык газ кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү жер астындагы орто басымдагы газ түтүктөрүндөгү газдын чыгышын жоюу боюнча пландуу иштер жүргүзүлөт.
Жаратылыш газын берүү төмөнкү көчөлөрдө токтотулат:
 Сары-Челек көчөсү – Ала-Арча дарыясы – Айланма жолу;
 Киргизская көчөсү – Логвиненко көчөсү – Курманалиева көчөсү – Зеленая көчөсү – Новая көчөсү - Колхозная көчөсү- Заводской тар көчөсү
 Элебесов көчөсү – Коллективная көчөсү – Аул көчөсү – Новосельская көчөсү – Кичи Чүй каналы.
«Бишкекгаз» жаратылган ыңгайсыздыкты керектөөчүлөр түшүнүү менен кабыл аларына үмүт артат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх