Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы CAFA мелдешине катышат

Турнир Тажикстандын Душанбе шаарында 2-12 февраль күндөрү өтөт

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы CAFA Women’s Futsal Championship 2024 мелдешине катышат. Бул тууралуу Футзал ассоциациясынан билдиришти.
Турнир Тажикстандын Душанбе шаарында 2-12 февраль күндөрү өтөт. Ага ошондой эле Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан курамалары катышат

Турнирге болгон даярдыктын алкагында учурда команданын окуу-машыгуу жыйыны өтүп жатат. Машыгуулар 1-февралга чейин уланат.
Жыйынга кураманын башкы машыктыруучу Келкел Анарбеков 16 талаа оюнчу жана 2 дарбазачы чакырган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх