Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Апалар үчүн спорт зал, балдарга бекер бала бакча. Талас облусундагы Бакыян айылындагы өнүгүү (видео)

Карапайым айылдын тургундары кантип мындай жетишкендиктерге жетишти?

Талас облусунун Бакыян айылынын тургуну Айдана балдарын бекер бала бакчага алып барат. Ушул эле айылда 70 жаштагы апалар дагы спорт залда машыгып ден-соолугун жакшыртып жатышат. Айылдагы бул жана башка жетишкендиктердин баары айыл өкмөттүн бейөкмөт жана эл аралык уюмдар менен алып барган активдүү иш-аракетинин үзүрү.

Кыргызстан жумушсуздук боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунда турат. Өлкөдөгү өндүрүштүк завод-фабрикалар саналуу гана. Эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт уюмдардын көмөгү менен айыл эли өз алдынча ишкердик менен алектенип, өздөрүн гана эмес, айылдаштарын да жумуш менен камсыз кылгандар бар. Мындай уюмдар өлкө боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам берип, адам укуктарын коргоп, бала-бакча, мектеп, жада калса спорт залына чейин куруп келишет. Бакыян айылы буга айкын мисал болуп бере алат.
“Эл кызматында. Кыргызстандыктар бири-бирине кантип жардам берип жаткандыгы жөнүндө таржымалдар”.

Бешинчи эпизод. “Бакыян айылы кантип өнүгүүдө?”

Бул видео материал "Медиа Өнүктүрүү Борбору" коомдук фонду жана Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы менен биргеликте "Strong Civil Society Makes a Strong State Campaign" долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен даярдалды.
#mediaplatformkg
#usembassykg
#medialawkg

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх