Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эл жазуучусу Мелис Абакиров дүйнө салды

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров 84 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спортт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Жазуучу Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган.
1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1965–1970-жж. Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук «Эмгекчил» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары, 1970–1971-жж.
«Ленинчил жаш» гезитинин бөлүм башчысы, 1971–1979-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары, 1979–1985-жж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, 1985–1988-жж.
«Мектеп» басмасында бөлүм башчы, 1988-жылдын август айынан «Адабият» басмасынын башкы редактору, 1992–1998-жж. ушул басманын директору, 1998–2005-жж. «Акыл» акционердик коомунун төрагасынын орун басары – «Кыргызстан» басма үйүнүн башкы редактору, 2004-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген, өзгөчө эмгек сиңирген пенсионер.
Жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх