Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Окуучу баланы сабаган “Сапаттын” мугалими андан башка дагы жети окуучуга кол көтөргөн

Билим берүү министринин орун басары окуя боюнча кошумча маалымат берди

Окуучу баланы сабаган «Сапат» кыргыз-түрк лицейинин мугалими дагы жети окуучуга кол көтөргөн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, комиссия башка мектеп окуучуларын суракка алып, мугалимдин аракетинен дагы 10-класстын жети окуучусу жабыр тартканын аныктаган.

«Аларды да сабаган. Окуучулардын биринин мурду жабыркап, кансырап, экинчиси башы айланып, оң капталы ооруп жаткандыгына арызданган», - деди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мугалим мектеп окуучусун лицейдин дубалында сабап жаткан видео тараган. Текшерүү учурунда маалымат тастыкталган. Мугалим иштен айдалып, кийинчерээк камакка алынган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх