Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Максат Аманов, Барсбек Батиралиев жана «Акниет ТВ» YouTube каналдарындагы лотереялар мыйзамсыз ойнотулууда

Госфиннадзор билет сатып албоого жана мыйзамсыз лотереяларга катышпоого чакырат

Кыргызстанда «Акниет ТВ 2», Максат Амановдун жана Барсбек Батиралиевдин YouTube каналдарындагы лотереялар мыйзамсыз ойнотулууда. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматы жарандарды билет сатып албоого жана мыйзамсыз лотереяларга катышпоого чакырат.


Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-пунктуна ылайык лицензия жана (же) уруксат албастан кесиптик лотереяларды уюштуруу жана мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү лотереяларды уюштуруучулардан лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчанын бүткүл суммасын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды жана балдар үйлөрүндөгү жана интернаттардагы жетим балдарды багууга жиберүү менен, республикалык бюджетке алып коюуга, бул лотереяны сатуудан алып салууга, кийин жок кылууга жана лотереяны уюштуруучуларды, анын ичинде алардын кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга алып келет.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх