Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров ЖЭБдеги жарылуудан жабыркагандардын абалынан кабар алды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы аны бейтаптардын абалы менен тааныштырды

Президент Садыр Жапаров Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына барып, Бишкек ЖЭБиндеги авариядан жабыркагандардын абалынан кабар алды.


Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптардын абалы менен тааныштырып, бардык керектүү медициналык жардамдар толук көлөмдө көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Жабырлануучулар 24 саат бою дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Президент бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалап, медициналык кызматкерлерге ыкчам чара көргөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх