Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖЭБдеги авария. Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди - видео

Эки жабырлануучу 80 пайыз күйүк алган

Борбор калаадагы ЖЭБтеги авариядан улам эки жабырлануучу денесинин 80% күйүк алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 5 жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

«Үч жабырлануучу 1, 2 жана 3-даражадагы күйүк алышкан. Калган эки бейтап 80 пайыз күйүк алып, моюн, бет жана бут бөлүктөрү күйүктөн жабыркаган. Эки бейтап тең азыркы учурда оор абалда реанимацияда жатат. Үчүнчү бейтап денесинин 10 пайызынан күйүк алып, бети дагы күйүктөн жабыркаган, бейтаптын абалы орто оор деп бааланууда. Төртүнчү бейтап тизесинен жаракат алып, абалы канааттандырарлык деп ооруканага жаткыруудан баш тарткан. Ал эми бешинчи бейтап иске ууланган деген диагноз менен амбулатордук дарыланууга чыгарылды"- деп билдирди.

Эске сала кетсек, Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргени боюнча , авария түнкү саат үчтөр чамасында болгон, анын кесепетинен беш жумушчу жабыркаган. Алар ар кандай даражадагы күйүк алып ооруканага жаткырылып, экөөнүн абалы өтө оор деп билдиришкен.

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан улам шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

Борбор калаанын бардык мектептери жана бала бакчалары шейшембиге чейин онлайн окутууу режимине өттү.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх