Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Абал оор ». Садыр Жапаров ЖЭБдеги авария боюнча комментарий берди

Ал ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бергенин билдирди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигине берген маегинде борбор калаадагы ЖЭБтин учурдагы абалы тууралуу айтып берди.


«Жарылуу түнкү саат 03:00дөр чамасында болду. Мен уктай элек болчумун. Энергетика министринин үч тараптуу жолугушуусу бар эле, Ташкентте жүргөн. Мэр болсо чет өлкөдөн учуп келе жаткан. Түнкү саат үчтөр чамасында: “Аэропорттон шаарга келе жатам, ЖЭБде жарылуу болуптур, ошол жакка кетип жатам” деп мага чалды. Мен дароо өзгөчө кырдаалдар министрин, саламаттыкты сактоо министрин ойготуп, ал жакка жөнөттүм. Энергетика министрине телефон чалып: “Бишкекке учуңуз!” деп буйрук бердим. Кыскасы, таң атканча кырдаалды жөнгө салганга аракет кылдык. Эртең менен дагы барып кеттим. Азыр эми оор абалдан чыгуу жагына бет алдык. Кудай буюрса, жакынкы убактарда кырдаалдан чыгып кетебиз - деди ал берген маегинде.


Эмне үчүн 2018-жылы ЖЭБте болгон кырдаалдын кайталанышына жол берилди деген суроого Садыр Жапаров: «Бул ЖЭБ 1961-жылы ишке берилген. Менден да улуу экен. Анан эми темир болсо да өзүнүн мөөнөтү бүтчү убактысы бар да. Баары эскилиги жеткен. Жылда жайдын күнү ремонт иштерин жасап, кышка даярдык көрүп, иштетип келе жатабыз», -деп жооп берди.


Ал ошондой эле ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бергенин билдирип өттү.


«Албетте, чоң сумманы талап кылат. Айла жок, каражат булактарын издеп табабыз да эми », - деди ал.


Садыр Жапаров баш калаадагы ЖЭБдеги авария эмне себептен болгонун да айтты.


«ЖЭБде буга чейин Кара-Кеченин көмүрү жагылып келген. Толук бышпаган көмүр. Кубаттуулугу же башкача айтканда, калориялуулугу 3800 Ккал/кг. Биз былтыр Шабыркүл көмүрүн алалы деп түздөн-түз Шабыркүл көмүрүн алганбыз. Таза көмүр, калориялуулугу 5500 Ккал/кг. Эми мен адис эмесмин. Бирок, ошентсе да күчтүү көмүр экенин эске албай Кара-Кеченин көмүрүн жаккандай эле жага беришип, температура көтөрүлүп кетип жарылуу болдубу деген ойдо турам », - деп билдирди президент.


Эске сала кетсек, Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргени боюнча , авария түнкү саат үчтөр чамасында болгон, анын кесепетинен беш жумушчу жабыркаган. Алар ар кандай даражадагы күйүк алып ооруканага жаткырылып, экөөнүн абалы өтө оор деп билдиришкен.


Бишкек ЖЭБиндеги авариядан улам шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.


Борбор калаанын бардык мектептери жана бала бакчалары шейшембиге чейин онлайн окутууу режимине өттү.


Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх