Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарында онлайн окутуу боюнча буйрук кийинки билдирүүгө чейин күчүндө болот

Буйрукка ылайык, бардык билим берүү мекемелери 6-февралга чейин онлайн окутуу режимине өттү

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариялык кырдаалга байланыштуу 2024-жылдын 2-февралындагы бардык мектептерди, ЖОЖдорду жана бала бакчаларды онлайн режимге өткөрүү буйругу кийинки эскертүүгө чейин күчүндө болот, деп билдирди Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 2-6-февраль аралыгында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын буйругунун негизинде бардык муниципалдык билим берүү уюмдары онлайн окутууга өткөн.

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү уюмдары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан бөлмөнүн температурасы 18 градустан жогору болсо, онлайн режиминде окутуу буйругун жокко чыгаруу боюнча автономдуу чечим өз ара кабыл ала аларын билдирди.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх