Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык Эрлан Шеров Paris Grand Slam эл аралык мелдешинде коло байгеге ээ болду

Бул эл аралык мелдеш Париж шаарында өттү

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Парижде өткөн Paris Grand Slam эл аралык мелдешинде коло медаль тагынды.

Бул абройлуу турнир 4-февралда Парижде жыйынтыкталды.

Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмак ченинде 1/16 финалдык баскычтан чыкты. Ал Беларусь жана Монголиянын спортчуларын эки жолу катары менен жеңип алып, чейрек финалда кыргызстандык спортчу Азербайжандын өкүлүнө утулуп калган.

Кайталоо беттеште Шеров алгач Бельгия спортчусун, андан соң коло үчүн беттеште бразилиялык спортчуну жеңип, үчүнчү орунду ээледи.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх