Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Испаниядагы турнирде алтын медалга ээ болду

Дагы эки кыргызстандык мушкер күмүш жана коло медал тагынды

Кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулу Испанияда өткөн бокс боюнча мелдеште жеңишке жетти. Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча федерация социалдык тармакта билдирди.

Boham эл аралык турнири 4-февралда Ла-Нусия шаарында аяктады.

Мунарбек Сейитбек уулу 60 килограммга чейинки салмак ченинде 1/8 финалдан старт алды. Ал кезеги менен Швейцария, Индия, Шотландиянын спортчуларын жеңип, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште кыргызстандык Мали өлкөсүнөн келген мушкерди жеңип, алтын медал тагынды.


Boham эл аралык турниринде дагы бир кыргызстандык Өмүрбек Бекжигит уулу күмүш медал тагынды. Ал 86 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Бекжигит уулу Польша менен Индиядан келген атаандаштарын жеңип, финалда Англиянын спортчусуна утулуп калды.

Ал эми Сагын Сатыбалды уулу 80 килограммга чейинки салмак ченинде коло медалга ээ болду.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх