Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош базарынын жанындагы күркөлөрдү эмне үчүн бузул жатканын мэрия түшүндүрдү

Иштин жүрүшүндө жалпысынан 24 күркө алынган

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Уран Мусаевдин катышуусунда Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеңил типтеги объектилер бузулууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.


Башкармалыктын кызматкерлери Ленин райондук муниципалдык администрациясынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.


Иштин жүрүшүндө 24 күркө алынып, 1134 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулган.


«Бишкек шаарынын жер тилкелерине укук берүү комиссиясынын 2015-жылдын 2-сентябрындагы чечими менен «Бейкут» ЖЧКсына 0,1134 га жер тилкесин убактылуу көрктөндүрүү жана «Ала-Арча» дарясын тазалоодо технологиялык өтмөктү тейлөө максатында берилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин келишим талабы аткарылган эмес. Буга чейин башкармалык тарабынан 2024-жылдын 19-январында муниципалдык аймакты бошотуу боюнча билдирүү берилген», - деп билдирди мэрия.


Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Ош базарында бузуу иштери жүргүзүлүп жаткандагы видео тараган. Шаар тургундары шаар бийлиги базарды бузууга киришти деген божомолдоолорду келтиришкен. 

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх