Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болгон бардык кыргызстандыктын бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырды

Учурда Кыргызстанда 2,6 миңге жакын бейтап гемодиализ алат

Президент гемодиализ алган бардык жарандардын бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2 миң 685 жаран гемодиализ алат.


«Буга чейин 50 бекер операция жасоо пландалып жаткан. Бирок биз кечээ биринчи операция жасагандан кийин президент Садыр Жапаров гемодиализдеги бейтаптарга бекер операция жасоо керектигин айтты. Гемодиализге бюджеттен 2,5 млрд сом сарпталат. Бейтаптардын жашоо шарты дагы жакшы эмес, аларга узак жол жүрүүгө болбойт. Операция 650 миң сомго жакын каражатты талап кылат жана бул үнөмдүу олот », - деди министр.


Эскерте кетсек, 1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантация бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясы бекер жасалган.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх