Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ЭЭАда 13,8 миллион сомдук мамлекеттик мүлк жеке менчикке мыйзамсыз сатылган

Прокуратура кылмыш ишин козгоп, сотко жөнөттү

Бишкек эркин экономикалык аймагында 13 миллион 850 миң сомдук мамлекеттик мүлк мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатылып кеткен.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан алынган маалыматына ылайык, 1997-жылы мамлекеттик менчигиндеги 428,8 чарчы метр жер тилкеси бар өндүрүштүк жайлар «И-м Т-ко» ЖЧКсына 40 жылдык мөөнөткө ижарага берилгени аныкталган.

2002-жылы жогоруда аталган ЖЧКнын жана «Бишкек» ЭЭАнын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сатуу-сатып алуу процедурасы жүргүзүлүп, натыйжада бул өндүрүштүк имараттар «F-M» ЖЧКсынын жеке менчигине сатылып кеткен.

2021-жылы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан 19 жыл мурун «И-м Т-ко» ЖЧКсы менен «F-M»ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн жасалма соода-сатык келишимдери мыйзамсыз катталып, бул жер тилкеси «F-M» ЖЧКсынын атына жазылып калган.

Натыйжада мамлекетке 13 миллион 850 миң 785 сом зыян келтирилген.

Бул фактынын негизинде Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, прокуратура Бишкек шаарынын административдик сотуна соода-сатык келишимин каттоону жараксыз деп табуу боюнча доо арызы менен кайрылган.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх