Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстан боордош Түркмөнстан элинин колдоосун сезип жатканын билдирди

Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы байланыштардын өнүгүшүнө канааттангандыгын билдирип, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү улантыларына ишенимин билдиришкен.


Садыр Жапаров түркмөн тарапка Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтып, Кыргызстан боордош түркмөн элинин колдоосун сезип жатканын белгилеген.


Мамлекет башчылары биргелешкен аракеттер менен бүгүнкү күндө кыргыз-түркмөн мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттык жаңы деңгээлине чыкканын өзгөчө белгилеп өтүштү.


Жапаров менен Бердымухамедов ошондой эле кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери боюнча да пикир алышты.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх