Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын аймагына жеңил автоунаа каражаттарын бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу менен ташып келүүнүн жөнгө салынган схемасы аныкталды

Бул схеманы бажы кызматкерлери менен УКМК ачыктады

Кыргыз Республикасынын аймагына жеңил автоунаа каражаттарын бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу менен ташып келүүнүн жөнгө салынган схемасын аныкталды.


Бул схеманы «Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы мыйзамдарын бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМКнын 6-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте аныкташты.


«Ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө “автотетиктер” катары жүк жөнүндө жалган маалыматтарды берүү менен Кыргыз Республикасынын аймагына автоунааларды бөлүнгөн түрдө алып келүү жолу менен бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактылары аныкталган. Ошол эле учурда мурда ташылып келинген автотранспорттун тетиктери Чүй облусунун техникалык тейлөө станцияларында андан ары чогултуу үчүн ар кайсы адамдарга ар кайсы убакта алынып келинген” - деп билдирди Мамлекеттик бажы кызматы.


Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр кармалган:
- жаран «С.А.А.» башкаруусундагы 2007-жылы чыгарылган «BMW X5» үлгүсүндөгү унаанын төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 460 000 сомдон ашык;
- жаран «У.С.Т.» башкаруусундагы 2001-жылы чыгарылган “ Mercedes Benz Е220” төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 750 000 сомдон ашык;
- жаран «С.Б.Т.» башкаруусундагы 2007-жылы чыгарылган «Subaru Outback» бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөн суммасы 865 000 сомдон ашык түзгөн.

Белгиленгендей, бул унаалар Кыргызстанда катталбагандыктан алардын документтери жок.


Фактылар КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маңызы боюнча кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх