Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуу Британиянын королу Чарльз III рак оорусуна чалдыкты - үй-бүлөсүнүн билдирүүсү

Буга чейин ал залалсыз шишиктен улам ооруканага жаткырылган

Улуу Британиянын королу Чарльз III рак оорусуна чалдыккан. Маалыматты Букингем сарайы расмий тастыктады.

Маалым болгондой, падышанын оорусу алгачкы баскычта аныкталган. Буга чейин ал залалсыз шишиктен улам ооруканага жаткырылган.

"Жыл сайын миңдеген эркектер сыяктуу эле, падыша дагы простата безинин чоңоюшун дарылоо үчүн кайрылат", - деп айтылат сарайда.

Дарыгерлер бир катар текшерүүлөрдү жүргүзүп, падышага рак деген диагноз коюшкан. Ал дарылоосун баштады.


«Падыша өзүнүн медициналык командасынасынын ыкчам аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өзүнүн дарылануусуна толук ишенип жана мүмкүн болушунча тезирээк коомдук иштерге кайтып келишине үмүттөнүүдө», - деп айтылат расмий билдирүүдө. "Падыша спекуляцияны болтурбоо үчүн жана бул коомчулукка дүйнө жүзү боюнча рак менен ооругандардын абалын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет деген үмүттө өзүнүн диагнозу менен бөлүшүүнү туура көргөн ."

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх