Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азербайжандагы президенттик шайлоо: Илхам Алиев 90%дан ашык добуш менен жеңишке жетти

Өлкөнүн президенттигине жети талапкер ат салышты

Азербайжандын азыркы президенти Илхам Алиев мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо 92,05% добуш менен жеңишке жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларынын 93%ынын маалыматтарын санап чыккандан кийин билдирди.

Азербайжанда президенттик шайлоо 7-февралда өткөн. Боршайкомдун маалыматы боюнча, шайлоого шайлоочулардын 77%га жакыны катышты.

Өлкө башчылыгына жалпысынан жети талапкер ат салышкан. Илхам Алиевдин талапкерлиги бешинчи ирет көрсөтүлдү.

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары:

- Алиев Илхам Гейдар оглы - 4 миллион 281 миң 625 добуш (92,05%);

- Алиев Фуад Агаси оглы – 24 миң 799 добуш (0,53%);

- Хасангулиев Гудрат Музаффар оглу – 81 миң 799 добуш (1,76%);

- Мусаев Элшад Наби оглу – 31 миң 33 добуш (0,67%);

- Мустафа Фазил Газанфар оглы – 92 миң 980 добуш (2%);

- Нуруллаев Рази Гуламали оглу – 37 миң 386 добуш (0,80%);

- Оруж Захид Махаррам оглы – 101 миң 851 добуш (2,19%). 

 

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 9-февралда жарыяланат.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх