Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Раим Матраимовдун жалпы баасы 34,8 миллион долларлык мүлкү мамлекеттин менчигине өттү - видео

Анын арасында «Эрем» спорт клубу,5 кабаттуу «Бай Таш мунарасы» турак жай комплекси жана башка объектилер бар

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жалпы баасы 34 млн 810 миң 500 АКШ долларлык кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, башкармалыктын маалыматы боюнча, Матраимовго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында Матраимов жана анын жакын санаалаштары тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында төмөндөгү объекттер мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилди:


– Бишкек шаарындагы Киев-Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу «Бай Таш мунарасы» турак жай комплекси, жалпы аянты 8148,5 чарчы метр, алдын ала баасы 16 млн 297 миң АКШ долларды түзөт;


– Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан «Ихлас» курулуш компаниясынын турак эмес, коммерциялык имараттары, жалпы аянты 5085 чарчы метр, алдын ала баасы 7 млн 627 миң АКШ долларын түзөт;


– Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы 3,87 га жер тилкеси менен «БИМИ Ош сервис» БКЖ (бажылык каттоо жери) алдын ала баасы 4 млн. АКШ долларын түзөт;


– Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан «Эрем» спорт клубу, жалпы аянты 538 чарчы метр, болжолдуу баасы 1 млн АКШ доллары;


– Бишкек шаарынын Ж.Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, офис кеңсеси, жалпы аянты 700 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 500 миң АКШ долларды түзөт;


– Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 га жер тилкеси менен «Юни Лаб» БКЖ (бажылык каттоо жери) болжолдуу баасы 1 млн 286 миң АКШ доллары;


– ⁠Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Имарат Стиль» ЖЧКсына тиешелүү «ИМПЕРИАЛ» турак жай эмес коммерциялык имараты, жалпы аянты 1400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн. 100 миң АКШ долларын түзөт.

«Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Р.Матраимовдун кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча тиешелүү комплекстүү иш-чаралар улантылууда», - деп кошумчалады ведомство.


Белгилей кетсек, жакында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бардык мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискациялана турганын билдирген.

Буга чейин УКМК Райымбек Матраимовду издөөгө салганы белгилүү болгон. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда мажбурлап камакка алынган адамдын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү) боюнча шектелүүдө.


Эске салсак, 2023-жылдын ноябрь айында Раим Матраимов Кыргызстандан Дубайга качып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Ошондой эле Матраимов мамлекеттик бюджетке бир нече жүз миллион сом кайтарып берем деп убада берип, бирок милдеттенмесин аткарбай, из жашырып кеткени маалымдалган.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх