Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Аскер кызматкери Ж.Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок

Буга чейин кенже сержант жоокерлер ур-токмокко алынып, кордолуп, өлгөн малдын эти менен тамактанышканын билдирген

УКМК аскер кызматкери Ж.Асанакунованын буга чейин жоокерлердин ур-токмокко алынышы, тамак-ашынын сапаты начар экендиги тууралуу айткан маалыматы тастыкталбаганын билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Ж.Асанакунова буга чейин ушундай эле арыз менен УКМКга кат жүзүндө кайрылган.


«Бул билдирүүнүн негизинде УКМКнын тиешелүү органдары Аскер прокуратурасы менен биргеликте тыкыр текшерүү жүргүзгөн, жыйынтыгында Ж.Асанакунованын маалыматы тастыкталган эмес. Ошол эле учурда, ушул жылдын 6-февралында коомдук тармактарда жарыялаган кайрылуу боюнча, Республикалык Жоокерлердин энелери комитетинин башчысы У.Ж.Байгубатованын жетектөөсүндө, КР Аскердик прокуратурасынын жана УКМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда кошумча комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү. Документалдуу материалдар изилденип, кызыкдар тараптар менен маектешүү жүргүзүлүп, тиешелүү жайлар текшерилип, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү, тамак-ашы, жашоо шарттары, эс алуу шарттары ошондой эле тамак-ашты сактоо, тамак-аш даярдоо жайлары, тиешелүү санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоолору текшерилди. Жеринде жүргүзүлгөн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы менен аскер кызматкери Ж.Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин кенже сержант Жылдыз Асанакунованын өлкө жетекчилигине кайрылуусу социалдык тармактарга тарап, ал аскер бөлүгүндө ур-токмокко алуу учурлары бар деп жарыялаган. «Аскердик бөлүктө жоокерлер зордук-зомбулукка кабылып, колу-буту сынып, көзүнөн жаракат алган учурлар бар. Мунун баарын жашырып жүрүшөт. Мен муну ачыктагандан кийин мага бөлүктүн командири тарабынан басым жасалып, ал мени сөгүп, алтургай жеке жашоомо кийлигишүүгө чейин барды», - деген Асанакунова.

Ал ошондой эле аскер кызматкерлерин сапатсыз азык-түлүк жана өлгөн малдын эти менен тамактандырышаарын билдирген.

Чек ара кызматы өз кезегинде аскер айымынын маалыматын четке каккан.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх