Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет

Президент аскер айымдын кайрылуусуна комментарий берди

Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет, деди президент Садыр Жапаров аскер кызматкери Жылдыз Асанакунованын видео кайрылуусуна комментарий берип жатып.

“Эгерде Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу жок болсо, анда ушул аскер айым эфирден түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле. Азыр аскер прокуратурасы бул боюнча дыкат иш алып барууда. Жыйынтыгы жарыяланат. Мындай мисалдар бизде көп. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет”, — деп жазган Жапаров Фейсбук баракчасына.

Эскерте кетсек, буга чейин кенже сержант Жылдыз Асанакунованын өлкө жетекчилигине кайрылуусу социалдык тармактарга тарап, ал аскер бөлүгүндө ур-токмокко алуу учурлары бар деп жарыялаган. «Аскердик бөлүктө жоокерлер зордук-зомбулукка кабылып, колу-буту сынып, көзүнөн жаракат алган учурлар бар. Мунун баарын жашырып жүрүшөт. Мен муну ачыктагандан кийин мага бөлүктүн командири тарабынан басым жасалып, ал мени сөгүп, алтургай жеке жашоомо кийлигишүүгө чейин барды», - деген Асанакунова.

Ал ошондой эле аскер кызматкерлерин сапатсыз азык-түлүк жана өлгөн малдын эти менен тамактандырышаарын билдирген.

Чек ара кызматы өз кезегинде аскер айымынын маалыматын четке каккан. Ошондой эле УКМК текшерүү учурунда Асанакунова тарабынан берилген бул маалымат тастыкталбаганын билдирген болчу.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх