Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык аял Россиядан депортацияланып, бирок анын ымыркайы ооруканада калтырылган. ТИМдин бул тууралуу билдирүүсү

Дипломаттар баланын ата-энеси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн

Кыргызстандын жараны Орусиядан депортацияланып, анын бир жарым айлык ымыркайы Екатеринбургдагы ооруканада жаткандыгы тууралуу маалыматка Тышкы иштер министрлиги комментарий берди.

Бөлүмдүн маалыматы боюнча, дипломаттар баланын ата-энеси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында баланын андан ары даарылануусу Екатеринбург шаарында улантылаары боюнча чечим кабыл алынган.


7-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун Консулу жашы жете элек Кыргызстандык бала жаткан Свердлов облустук балдар клиникалык ооруканасына барган. Оорукананын жетекчилигинин маалыматына ылайык, баланын абалы туруктуу жана анын даарылануусу февраль айынын аягына чейин уланмакчы.


«Учурда баланын энесин Россия Федерациясына киргизбөө боюнча чечим ага белгилүү себептерге байланыштуу кабыл алынгандыктан, “аны Россия Федерациясынан депортация кылган” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Баланын үй бүлөсү бул маселе боюнча маалыматты мындан ары массалык маалымат каражаттарында таратпоону суранат. Жогорудагы маселе Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун көзөмөлүндө.», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх