Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук госпиталдын дарыгерлер тобу Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтүшөт

Дарыгерлер эртең Түркиянын алдыңкы клиникаларынын бирине сапар алышат

Улуттук госпиталдын дарыгерлер тобу Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтүшөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.


Ведомстводон билдиришкендей, Улуттук госпиталдын 8 дарыгеринен турган бригада түзүлүп, алар эртең Түркиядагы алдыңкы органдарды трансплантациялоочу клиникалардын биринде окуп келүү үчүн учуп кетишет. Биринчи этапта 4 уролог, бир айдан кийин дагы 4 дарыгер жөнөтүлөт.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталга барып, уролог дарыгерлер менен жолугушту.


Жыйында министр КР Саламаттык сактоо министрлигинде координациялык кеңешме болуп, анда КР Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы туугандык донорлордон бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча буйругун ишке ашыруу маселеси талкууланын билдирди.
«Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин даярдалган адистер бар. Бул команда окутуудан кийин кыргыз-түрк достугу ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасайт. Андыктан силерге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Окууңарга ийгилик каалайм”,-деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.


Эске сала кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциялары бекер жасала турганын айткан.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх