Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга 20 миңден ашык доза Pfizer COVID-19га каршы вакцина келди

Вакциналардын жалпы баасы 136 миң АКШ долларын түзөт

Республикалык иммунопрофилактика борборунун борбордук кампасына Pfizer-BioNTech COVID-19 вакцинасынын 20 160 дозасы келип түштү. Калктын эң аялуу катмары COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү үчүн алар өлкө боюнча эмдөө пункттарына таратылат.


COVAX уюму тарабынан берилген жана ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу жеткирилген вакциналардын жалпы баасы 136 миң АКШ долларын түзөт.
Бул Pfizer-BioNTech COVID-19 вакцинасы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) тарабынан алдын ала квалификациядан өткөн. Ал 6 ай жана андан жогорку жаштагы бардык адамдар үчүн коопсуз жана натыйжалуу деп эсептелет.


«ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү вакциналардын кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу үчүн биргелешип иштөөнү улантат», - деди Кристина Бруджиоло, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу.


Буга чейин ЮНИСЕФ Улуттук вакцина кампасын -80°Сге чейин өтө төмөн температураны талап кылган Pfizer вакциналарын сактоодо колдоо көрсөтүү үчүн муздаткычтар менен камсыз кылган.


Эмдөө ала турган мекемелердин даректерин www.privivka.kg жана www.med.kg сайттарынан тапса болот.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх