Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Илхам Алиевди президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктады

Эки өлкөнүн башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Садыр Жапаров Илхам Алиевди 7-февралда Азербайжанда өткөн кезексиз президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн эки мамлекеттин башчылары телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Илхам Алиевге боордош Азербайжан элинин мындан аркы гүлдөп өнүгүүсүн каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх