Акылбек Жапаров борбордогу ЖЭБтеги штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшүн текшерди
Ал «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына дагы барды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшүн текшерди.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев 8-февралга карата Жылуулук электр борборунда жалпы активдүү кубаттуулук 300 МВтты түзүп, 9 от казан жана 4 турбоагрегат иштеп жатканы туурасында маалымат берилди.
«Бишкек жылуулук тармагы штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулук жана ысык суу берүү толугу менен калыбына келтирилди. Оңдоп-тазалоо иштери бүгүн, кечке жуук бүткөрүлөт, чатырды оңдоо иштери уланууда», -деди ал.