Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шылуундар Садыр Жапаровдун үнүн жасалмалап, анын катышуусундагы видеолорду таратып жатышат

Президенттин басма сөз катчысы жарандарды сак болууга чакырды

Шылуундар Садыр Жапаровдун үнүн жасалмалап анын катышуусундагы видеолорду таратып жатышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактарда билдирди.

«Социалдык тармактарда белгисиз шылуундар Президент Садыр Жапаровдун видеосун колдонуу менен, үнүн жасалмалап, кандайдыр бир коммерциялык долбоорлорго катышууга чакырык жасаган видеороликтер таратылып жатканын кабарлайбыз. “Аз акча салып, кыска убакытта байып кетсең болот” деген өңдүү күмөндүү иш аракеттер жалган маалымат экенин белгилейбиз. Соцтармактагы маалыматтардын көптүгүн эске алуу менен, кандайдыр бир шектүү билдирүүлөр болсо шылуундардын курмандыгы болуп калбашы үчүн маалыматтарды расмий булактардан тактап коюуну өтүнөбүз», — деп жазган Алагөзов.

Фото WWW

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх