Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарындагы унаа жуучу жайлардын биринен ири суммадагы акча уурдалды

28 жаштагы кыз уурулукка шектелүүдө

Бишкек шаарынын оперативдүү кызматкерлери уурулук фактысына шектелген жаранды кармашты.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 19-ноябрында милиция кызматкерлерине шаардын тургуну кайрылып, 16-ноябрда Ибраимов көчөсүндөгү унаа жуучу жайлардын биринен белгисиз адамдар капчыгын уурдап кетишкенин, капчыктын ичинде 61 миң сом жана 410 доллар болгонун билдирген.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1995-жылы туулган К.Г. аттуу жаран кармалып , ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх