Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте милиция кызматкерлери 2 айдан бери изделүүдө жүргөн 17 жаштагы баланы тапты

Өспүрүмдүн апасы баласын табууга көмөктөшүү өтүнүчү менен декабрь айынын ортосунда кайрылган

Милиция кызматкерлери мурда дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Расул Кылычбековду табышканын Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

13-декабрда милицияга 2007-жылы туулган Расулдун апасы арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 5-декабрь күнү баласы Фере көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Бул факты электрондук маалымат журналына катталып, дайынсыз жоголгон жашы жете элек өспүрүмдү издөө иштери башталган.

25-февралда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аны Ленин районунун аймагынан табышкан. Өспүрүмдүн ата-энеси менен профилактикалык сүйлөшүү иштери өткөрүлдү.


Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.


Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх