Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баку менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарынын жанданышы күтүлүүдө

Бул маселени КР элчиси Осмоналиев «Азербайжан Авиа жолдору» ЖАК жетекчиси менен талкуулады

22-февралда Кыргызстандын Азербайжандагы жана Грузиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев «Азербайжан Авиа жолдору» жабык акционердик коомунун (AZAL) жаңы дайындалган президенти Самир Муса оглы Рзаев менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында Баку менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Элчи Осмоналиев эки өлкөнүн ортосундагы түз аба байланышынын эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, өзгөчө туризмди жана экономикалык дипломатияны өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгиледи.

Дипломат 2022-жылы Кыргызстан менен Азербайжан стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жеткенин, ал тереңдеп жана кеңейүү тенденциясына ээ экенин белгиледи. Тараптар мындан аркы биргелешкен кызматташууну макулдашты.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх