Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокат райондук соту Өмүрбек Бакировго өкүм чыгарды

Экс-депутат добуштарды сатып алууга күнөөлүү деп табылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакиров добуштарды сатып алуу боюнча күнөөлүү деп табылды. Мындай чечимди Ноокат райондук соту чыгарган. ЖМКдагы маалыматты Бакиров өзү тастыктады.

Анын айтымында, соттун чечими менен айып пул төлөөгө өкүм чыгарылган. Мурдагы эл өкүлү айып пул көлөмүн атаган жок.

Өмүрбек Бакиров бул өкүмгө каршы Ош облустук сотуна даттанганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын административдик соту 2023-жылдын 7-июнундагы чечими менен Бакиров жеңип чыккан №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Аталган округдан Өмүрбек Бакировду Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими да жокко чыгарылган. 26-июлда Бишкек шаардык соту борбор калаанын административдик сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Былтыр августта Борбордук шайлоо комиссиясы Бакировду депутаттык мандатынан ажыраткан.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх