Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык теннисчилер эл аралык турнирде күмүш байгеге ээ болушту

Финалдык беттеште алар Шри-Ланкадан келген атаандаштарына жеңишти алдырган

Кыргызстандык теннисчилер эл аралык Billy Jean King Cup Junior (16&U) турниринде күмүш байгеге ээ болушту.

Мелдеш Коломбо шаарында (Шри-Ланка) өткөнүн спорттун бул түрү боюнча федерация билдирди.

Финалда кыргызстандыктар Шри-Ланкадан келген атаандаштарына 0:2 эсебинде утулуп, 2-орунду ээледи.

Команданын курамында Сафина Хабибрахманова, Анель Богданова жана Сезим Сагынбаева ойногон. Ал эми, команданын машыктыруучусу Фархад Урумбаев болгон.


Белгилей кетсек, бул жыйынтык биздин спортчуларга май айында Казакстанда өтө турган Billy Jean King Cup Juniors Asia/Oceania финалында ойноого мүмкүнчүлүк берди.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх