Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте соода борборлорунун биринен жалпы баасы 93 миң сом түзгөн ич кийимдер уурдалган - видео

Шектүү жаран кармалды

Бишкекте аялдардын ич кийимдерин уурдаган шектүү кармалды.

Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 24-февралда милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылып, 11-февралда Б.Бейшеналиева менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда белгисиз бирөөлөр жалпы суммасы 93 миң сомду түзгөн аялдардын ич кийимдерин уурдап кеткенин билдирген.

Шектүүнүн өздүгү такталып, кармалды. Ал 1993-жылы туулган К.М. болуп чыкты. Шектелүүчү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жоктугу такталууда.

Милиция кармалган жарандын аракетинен жапа чеккен жарандарды 0704-433-666 жана 102 номурларына чалуусун өтүнөт.

Фото WWW

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх