Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде блогер Батмакан Жолболдуева кармалды - видео

Ал интернетке жүктөлгөн материалды өчүрүү үчүн акча талап кылган

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Б.Т.(Батмакан Жолболдуева) аттуу блогер кармалды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, 2024-жылдын январь айында интернет тармагында блогер аталган Ж.Б.Т., Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, ал жер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн видеого тарткандыгы аныкталган. Андан кийин материалдык пайда алуу максатында, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларын тейлеген кызматкери тууралуу маалымат чогултуп, мурда тартылган видео тасманы өзүнүн “Facebook” социалдык баракчасына жарыялап, талапка жооп бербеген аталган коомдук жайды мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкери “калкалап” жатат деген таризде шилтеме калтырган.


«Андан соң Ж.Б.Т. интернетке жүктөлгөн материалды алып өчүрүп салуу үчүн, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин кызматкеринен 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган»,-деп билдиришти башкармалыктан.


6-февралда Батмакан Жолболдуева опузалап акча алып жаткан жеринен кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Эске салсак, 2022-жылы аталган блогер АКИpress агенттигинин журналисти каза болгондон кийин кармалган. 2022-жылдын 25-мартында интернетте ар-намысты жана кадыр-баркты түшүргөн маалыматтарды таратканы үчүн журналист блоггердин үстүнөн милицияга арыз жазган. Ошол эле күнү журналисттин ден соолугу начарлап, социалдык жана психологиялык кысымга туруштук бере албай каза болгон.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх