Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты башталды

Таймаштын ачылыш аземине минкабдын төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов катышты

Бүгүн, 27-февраль күнү чоңдор арасында бильярддын “айкалыш пирамида” түрү боюнча Дүйнө чемпионаты Бишкекте башталды.
Маалыматка ылайык, таймашка 18 өлкөдөн 145 спортчу катышууда.

Салтанаттуу ачылыш аземге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана спорт күйөрмандары катышты.

Таймашуулар Бишкектеги «Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүп жатат. Жарым финалдык жана финалдык беттешүүлөр 1-2-март күндөрү болот.
Белгилей кетсек, бул мелдештерге ата мекендик 24 спортчу катышып жатат, анын ичинде бильярд боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев жана дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Дастан Лепшаков дагы бар.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх