Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстанда иске ууланып атасы төрт баласы менен каза болду

Кырсык колго жасалган темир мештин айынан болгон

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Байсун районунда иске ууланып беш адам каза болду. Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов билдирди.

Каргашалуу окуя 25-февраль күнү саат 10.30дар чамасында Дуоба микрорайонундагы үйлөрдүн биринде болгон. Окуя болгон жерден 43 жаштагы эркек кишинин, 11 жаштагы баланын жана сегиз жана алты жаштагы эки кыздын сөөгү табылган.

Каза болгон жарандын 38 жаштагы жубайы жана 16 жаштагы кызы облустук медициналык мекеменин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок кыз көрсөтүлгөн жардамга карабай 27-февралда каза болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык колго жасалган темир мештен улам болгон.

Прокуратура тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх