Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ден соолукка оор залал келтирген кылмышкер Ош базарынын аймагында кармалды

Ал видеокөзөмөл камералары аркылуу табылган

Бишкекте ден соолукка оор залал келтирген деп издөөдө жүргөн жаран кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 21-ноябрында милицияга Фирсов көчөсүндө эркек кишини бычактап, андан соң качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн өздүгү такталып, издөөгө алынган.

Ошентип, 27-февраль күнү Ош базарынын аймагында видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен издөөдө жүргөн Чүй облусунун 1986-жылы туулган Р.Р. аттуу жаран кармалган.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх