Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Асма жол: борбор калаанын мэриясы долбоорду ишке ашырууну талкуулады

Мэр асма жол куруу боюнча эл аралык эксперт Стефано Николусси Росси менен жолугушту

Кечээ Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев асма жолдорду куруу боюнча эл аралык эксперт Стефано Николусси Росси жана «Bartholet Maschinenbau AG» компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Эдуард Кубатов менен жолугушту.


Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар шаардагы асма жол долбоорун ишке ашыруунун перспективалары, ошондой эле аларды жайгаштыруунун мүмкүн болгон варианттары жана техникалык аспектилери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Стефано Николусси Росси долбоорлоо жана куруу үчүн оптималдуу жайгашкан жерди аныктоо максатында асма жол станцияларын жайгаштыруу үчүн алдын ала участокторду карап чыкты.

«Бул долбоорду ишке ашырууга даярдоодогу маанилүү кадам болуп саналат, ал борбордун жашоочулары жана коноктору үчүн транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана жол жүрүүнүн ыңгайлуулугун, ошондой эле натыйжалуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет », - деп белгилешти мэриядан.
Эске сала кетсек, буга чейин Айбек Жунушалиев швейцариялык Bartholet Swiss компаниясы менен бул долбоорду ишке ашыруу планы боюнча келишимге кол койгон. Иш үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында башталып, 2025-жылдын үчүнчү кварталында бүткөрүлүшү пландалууда.

Муниципалитет асма жолдун кубаттуулугу күнүнө 50-100 миң адамды түзөрүн билдирди. Долбоор ар кандай булактардан – шаардык бюджеттин, инвестициялардын жана кредиттердин эсебинен каржыланат.

Бишкекте асма жолдун курулушун 3 айдан кийин баштоо пландалууда.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх