Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министрлиги күбөлүк жана аттестат бүтүрүүчүлөргө акысыз бериле тургандыгын эскертти

Мектеп жетекчилигинин жана башка жактардын мамлекеттик үлгүдөгү бул документтер үчүн акча талап кылууга укугу жок

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы негизги билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндө аттестат бүтүрүүчүлөргө акысыз бериле тургандыгын маалымдады.


Мектеп жетекчилигинин жана башка жактардын мамлекеттик үлгүдөгү бул документтер үчүн акча талап кылууга укугу жок экенин баса белгиледи.

Эгерде аттестат жоголуп же башка себептер менен дубликат алына турган болсо, аттестаттын тиркемеси менен дубликатына 50 сом, артыкчылыгы менен аттестат дубликаты үчүн 50 сом, күбөлүктүн дубликатына 20 сом төлөнөт.


2024-жылдан тарта министрлик тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди санариптештирүү иштери башталган.

Учурда өлкө боюнча 10 мектепке апробация жүргүзүлүп жатат: 7 облустан 1ден мектеп, 2 республикалык деңгээлдеги шаардан 1ден мектеп жана 1 жеке менчик мектеп. Ошондой эле электрондук аттестаттарды жана күбөлүктөрдү толтуруу боюнча ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерине семинарлар өткөрүлгөн.


Маалым болгондой, 2023-2024-окуу жылында өлкө боюнча 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 128 миңден ашуун, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 73 миңден ашуун.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх