Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эки апта мурун жоголгон 19 жаштагы Жанарбек кызы Аселди издөө иштери уланууда

Анын кийимдери жана телефону Чоң Чүй каналынын жанынан табылган

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон 19 жаштагы Жанарбек кызы Аселди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин кыздын жакындары милицияга кайрылып, Жанарбек кызы Асел аттуу жаран 15-февраль күнү саат 01.30да Некрасова көчөсүндөгү үйдөн (Кант шаары) чыгып кеткен боюнча дайынсыз экенин билдиришкен.


Бул факты Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Чоң Чүй каналынын боюндагы издөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон кыздын күрмөсү, бут кийими жана уюлдук телефону табылган.

Кыздын кайда экени азырынча тактала элек.


Азыркы учурда издөө иштери уланууда.

Дайынсыз жоголгон Жанарбек кызы Аселди издөө иштери Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүндө.


Милиция Жанарбек кызы Аселдин жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды 0312 61-69-07, 03132 5-21-47 (нөөмөт бөлүмү) 0700 06-78-63, 0709 50-29-55 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. (издөө тобу).


Өзгөчө белгилери: бою 150-155 см, чачы күрөң, арык денелүү.

Ал ак-кара түстөгү водолазка жана кара шым кийип жүргөн.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх