Бишкекте Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын ачылышы болду - фото
Театр мурдагы “Октябрь” кинотеатрынын имаратында жайгаштырылды
Бишкекте Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын ачылыш аземи болду.
Иш-чарага Акылбек Жапаров жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышты.
Бул театрдын узак убакыттан бери өзүнүн имараты болгон эмес. Эми мурдагы “Октябрь” кинотеатрынын имаратында жайгаштырылды.
Иш-чаранын конокторуна кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” чыгармасынын негизинде коюлган спектаклдин премьерасы тартууланды.