Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте үч кабаттуу үйдөн өрт чыкты - видео

5 адам эвакуацияланды

Бишкекте үч кабаттуу үйдөн өрт чыкты.

ӨКМ билдиргендей, Товарная көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат кечээ, 28-февралда саат 20.00дөр чамасында түшкөн.

Саат 20.12де бир өрт өчүрүү бөлүм, 20.20да дагы бир өрт өчүрүү кызматы ишке киргизилген.

Саат 21.27де өрт толугу менен өчүрүлүп, көп кабаттуу үйдөн 5 адам эвакуацияланган.

Анын кесепетинен үйдүн 170 чарчы метр чатыры күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх