Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азамат Исраилов ЖКККББ жетекчисинин кызматынан алынды

Ал бул кызматты 2019-жылдын март айынан бери аркалап келген

Азамат Исраилов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка бүгүн министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду. Редакциянын маалыматын өздүк булактар тастыкташты.

Маалым болгондой, Исраилов кызматтан кетүү тууралуу арызын өз каалоосу менен жазган.

Белгилей кетсек, ал бул кызматты 2019-жылдын март айынан бери аркалап келген.

Эскерте кетсек, УКМК буга чейин Мамлекеттик Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан автоунааларга газ жабдууларын орнотууга уруксат бергендиги үчүн мыйзамсыз акчалай сыйлыктарды алуу боюнча коррупциялык схемалар уланып жатканы тууралуу маалымдаган. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, акча каражатын алган фактыларына байланыштуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков жана аталган башкармалыктын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Адил Нефтулаев, ошондой эле автомектептин директору И.М.К. кармалган. 

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх