Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жеңишбек Жоробеков ЖКККББнын жаңы жетекчиси болуп дайындалды

Буга чейин ал Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген

Жеңишбек Жоробеков Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жеңишбек Жоробеков буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.

Эскерте кетсек, бүгүн Азамат Исраилов жазган арызына ылайык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси кызматынан бошотулганы белгилүү болгон.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх