ЖРТга бүтүрүүчүлөрдүн онлайн каттоосу башталды
Каттоо 4-апрелге чейин созулат
Кыргызстанда бүгүнтөн тарта бүтүрүүчүлөрдү республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) онлайн каттоо башталды.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, буйрукка ылайык, бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 29-февралдан 4-апрелге чейин ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүн онлайн каттоо окуган жери боюнча, мурунку жылдардын бүтүрүүчүлөрү жашаган жери боюнча райондук/шаардык билим берүү бөлүмүндө жүргүзүлөт.
Фото WWW
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз