Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балдар үчүн ишеним телефонуна ар бир жети-сегиз мүнөттө чалуу түшөт - Эмгек министрлиги

2023-жылы 77,1 миңден ашык телефон чалуулар кабыл алынган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “Балдар үчүн ишеним телефону 111” ыкчам кызматына 2023-жылы 77,1 миңден ашуун телефон чалуу түшкөн. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чалуулардын 30%ы балдардан түшсө, калганы ата-энелерден түшкөн.


Эмгек министрлигинен билдиришкендей, чалгандарга социалдык жардам көрсөтүү, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук көрсөтүү, баланы тарбиялоо жана жүрүм-турум, мектеп рэкети ж. б. маселелер боюнча жардам талап кылынган.


«Ар бир кайрылуу боюнча консультациялар жана сунуштар берилди, зарыл болгон учурда кайрылуу компетенциясына кирген мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх