Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу шашлыш билдирүү таратты.


Ведомстводон билдиришкендей, 2024-жылдын 1-мартынан 3-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:
- Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымы;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымы (Долон ашуусу), 353-357 чак. (Кызыл-Бел ашуусу);
- Казарман – Ак-Тал – Чат унаа жолунун 42-44, 60-94 чак. (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси);
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чак. (Чон-Ашуу ашуусу).


Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.


Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх