Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

5-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

Өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу

Борбор калаанын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарында 2024-жылдын 5-мартынан тарта турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы:
• "Энесай" конушу "Дордой - 1" конушу, "Дордой - 2" конушунда саат 9:00дөн 15:00гө чейин өчүрүлөт.

Ичүүчү сууну өчүрүү «Энесай» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх