Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда облустук балдар ооруканасынын жаңы имараты ачылды

Курулуш “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган

Кечээ күнү Жалал-Абадда облустук балдар ооруканасынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болгонун Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Имараттын курулушу «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган.


Салтанатка КРнын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Ал «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фондуна жана Абдуллатиф Абдулазиз Юсуф Алмузаинин мырзага адистештирилген балдар ооруканасын куруп, бардык керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыз кылгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.


Балдар ооруканасынын курулушу 2022-жылы башталган. Жаңы имаратта 25 койкалуу хирургиялык бөлүм, 20 койкалуу травматология бөлүмү жана кыска мөөнөттүү стационардык бөлүм болот.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх